ТҮРК ЖАНА БАТЫШ БАСМА СӨЗҮ: ПУТИН, ЮЩЕНКО, ЕВРОБИРИМДИК

Ушул өткөн жумада, Түркиялык жана батыштык басылмаларда, Владимир Путиндин Түркияга болгон тарыхый сапарына сереп салган макалалар кеңири орун алып, Түркиянын Евробиримдик менен мүчөлүк сүйлөшүүлөрүнүн тагдыры чечилүүчү 17- декабрдагы саммит алдындагы ургаалдуу дипломатиялык каттам негизги талкууга айланды.
Түркияда чыгуучу бардык басылмалар, тымызын орток тил табышып алышкандай, Владимир Путиндин, Түркияга келген алгачкы орус президенти катары чакан сапарын 500 жылдык түрк-орус байланыштарындагы ‘тарыхый учур’ катары баалашып, сапарды 17- декабрдагы Бруссел саммитине 10 күндөй убакыт калган бир учурда ишке ашып жатканына көңүл бурушту. Путиндин сапары батыштык басылмаларды да кызыктырбай койбоду. Неуе Зуричхер Зеитунг “биз бул жерге жигердүү чечимдерди бекитиш үчүн келип олтурабыз” деген Путиндин сөздөрүн кайталап, эки өлкөнүн ортосунда кол коюлган 7 келишим тууралуу маалымат берген. Эки-ара байланыштарды мындан ары өнүктүрүүнүн эң эле маанилүү каражаты, энергетика сектору болорун бышыктап НЗЗ, Путин Анкарада, Россиянын табыйгы газын Кара деңиздин астынан Түркияга алып чыккан ‘Көгүлтүр Агын’ боро багытын, андан ары өнүктүрүп, Израилге чейин узуртууну сунуш кылганын билдирет.

Германияда чыгуучу Франкфуртер Рундсчхау, “эки-ара соода гүлдөп өсүп келатат; кансыз согуштун эки эрегишкен душманы эми саясий жактан дагы бири бирине жакындашууда” деп билдирсе, Франкфуртер Алгемеине Зеитунг, эки өлкө көздөп жаткан аскердик-техникалык кызматташтык тууралуу билдирип, Түркия НАТО өлкөлөрүнүн ичинен алгачкысы катары Россиядан бронотехника сатып алганын, Москва эми болсо Түркияга согуштук тикучактарын жардыктап жатканын жазып чыккан.

Ушул жуманын соңуна карата, Евробиримдиктин мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммитинде, Түркия менен мүчөлүк сүйлөшүүлөрүнүн күнү аныкталат же кийинге калтырылат. Түркия сыяктуу эле Евробиримдик үчүн дагы чоң мааниге ээ саммиттен кандайча чечим чыгарын алдын ала так кесе айтуу кыйын болгон менен, көптөгөн комментаторлордун пикиринде, лидерлер Түркия менен сүйлөшүүлөрдү эмки жылдын ичинде баштоо тууралуу чечим чыгарчуудай көрүнөт. Бул үчүн башынан бери күч кубатын аябай жумшап Түркияны колдоп келген өлкөлөрдүн бири саналган Британиянын тышкы иштер министири Жек Строу (Йачк Страв) өткөн жумада Түркияда чыгуучу Заман гезити үчүн атайын бир макала жазып, “Түркиянын Евробиримдикке кошулуусу менен баарыбыз утуп чыгабыз” деген пикирин билдирген. Түркиянын Премьер Министири Режеп Ердогандын өкмөтүнүн баш айланткан ылдамдыктагы реформа жараянын эске салып британиялык саясатчы, “Түркияга ооба дештин убактысы келип жетти. Дүйнөнүн эң ири орток базарына кире турган Түркия, Балкандар, Жакынкы Чыгыш жана Борборазия аймактарына жамаатташ стратегиялык туруму жана өз аймагына туруктуулукту жаюу потенциалы менен Евробиримдик үчүн турмуштук мааниге ээ” деген.
Лондондо чыгуучу Тхе Гуардиан жекшембидеги санында, Биримдиктин лидерлеринин 17- декабрда өтүчү саммитин, эпикалык жана тагдыр чечүүчү бир жыйын катары чечмелеп, саммиттен чыккан чечим кандай гана болбосун, Евробиримдиктин мүнөзүн бул же тигил маанайда өзгөртө турган чечим болорун жазып чыккан. «Эгерде,- деп жазат, Тхе Гуардиандын макаласында, лидерлер Түркияны четке кагышса, Евробиримдик өзүнүн чектери ичине камалган християн бир шерине экени тастыкталат. Эгерде, Түркия менен сүйлөшүүлөрдү баштоо тууралуу чечилсе, басымдуу көпчүлүгү мусулман 80 миллион эл саны бар Түркия, биримдиктин эң жарды мүчөсү болот. Бирок, баары бир Евробиримдик бул тобекелге барып Түркияны кучакташ керек. Бир гана аны эмес, Украинаны дале кучакташ керек”.

Украинанын оппозициядагы саясатчысы Виктор Ющенконун уулангандыгы тууралуу кабарлар дагы, батыштык басылмаларда көздүн жаздымында калбады. Заман гезити бул тууралуу кабарында, “Украинадагы Россия багытын колдогон президентти батыштын колдоосу менен төңкөрүп салууга аракеттенген Виктор Ющенконун бети мина талаасына айланып кеткен. Президенттик орунга болгон айлалуу шайлоолордун кайталанышына эки жумадай бир убакыт калган учурда, анын оорусунун артындагы сыр пардасы аралана баштады” деп жазып чыккан. Гезит андан ары, Вена калаасында Ющенкону текшерүүдөн өткөргөн Рудолфинерхоус атындагы бейтапкананын дарыгери Михаил Зимфердин айткандарына таянуу менен, “Ющенко белгисиз адамдар тарабынан ууланган болушу ыктымал жана эгерде дарыланбаса, өлүм менен аякташы мүмкүн экенин билдирген.