Иракта 30-январда өтүүчү жалпы шайлоого даярдыктар көрүлүүдө

Ирактын Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлердин документ тапшыруу мөөнөтүн 15-декабрга дейре узартты. Азырынча 70 чакты партия менен коалиция өкүлдөрү бул шайлоого өз талапкерлигин көрсөтүшкөн. Талапкерлер катталып бүткөн соң 60 миллиондун тегерегинде бюллетен басылып чыгарыла баштайт. 30-январда 275 орундуу улуттук жыйын менен кошо жергиликтүү кеңештердин жана Күрдистандын улуттук кеңешинин мүчөлөрү да шайланмакчы. Шайлоо күнү 9 миңдей добуш берүү бөлүмдөрү ачылат. Расмий Багдад шайлоого көз салуу үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун жана башка эл аралык институттардын байкоочуларын чакырды. Шайлоо өнөктүгү келээрки шаршембиден тарта расмий түрдө башталат.