БИШКЕК. Өткөн жумадан тарта Кыргызстанда дагы бир казак банкы ишке кирди. Ал «Халык банк Кыргызстан» деп аталат. Казакстандагы ири банктардын катарына кирген «Халык банкы» ушул жылы «Кайрат» банктын 100% акциясын сатып алып, анын негизинде «Халык банк Кыргызстанды» түзгөн. Активи 4 миллиард доллар болгон казак банкы Кыргызстандагы бөлүмүнө жакын арада 1 миллион доллар бөлмөкчү.