АКШнын өкмөтү Ирактагы аскерлерге кошумча жабдык-жарактарды жөнөтө баштады

Пентагондун башчысы жакында Кувейтте америкалык жоокерлер менен жолуккан кезде бир солдат андан эмне үчүн чопкутталган техникалар менен аскери жабдыктар кем берилип жатканын сураган эле. Ак үйдүн өкүлү Скот МакКлеллан ырастагандай, президент америкалык аскерлер өз милдетин аткаруу үчүн керектүү жарак-жабдуулар менен канчалык өлчөмдө жетиштүү камсыз болуп жатканын териштирип чыкканга көрсөтмө берди. Эгер солдаттарга кошумча техника же шайман-шарактар зарыл болсо, аларды бу жагынан толук жабдыганга бардык чаралар көрүлөт, деп ишендирди Ак үйдүн өкүлү.