Өлкөнүн башкы прокурору Бобожан Бобоханов ушундай деп билдирди. Россияда баш калкалап жүргөн Махамадрузи Искандаров Москвада кармалган эле. Орус бийликтери эми аны Тажикстанга өткөрүп бермекчи. Прокурордун айтымында, быйыл 27-августта Тажикабад районундагы ички иштер бөлүмүнө куралдуу кишилер кол салып, бир милиционер оор жарадар болгон, бу террорду Искандаров уюштурган. Тажикстандын демократиялык партиясы болсо Искандаров саясий себептерден улам камалганын ырастоодо.