ОРУС-ЧЕЧЕН СОГУШУНУН БАШТАЛГАНЫНА 10 ЖЫЛ БОЛДУ

Кубат Оторбаев, Прага Мындан туура 10 жыл мурда - 1994-жылы 11-декабрда Орусиянын куралдуу күчтөрү Чеченстанга киришкен. Ошол учурда президент Жохар Дудаев башында турган бул республика Москвага баш ийбей, өз алдынча мамлекет курууга бет алып калган болчу. Орус генералдарынын эсебинде Грозный эки сааттын ичинде багынып берүүгө тийиш эле. Бирок миңдеген адамдардын өмүрүн кыйган бул алааматтын качан аяктаары дале белгисиз.
Бийликке Жохар Дудаев келген 1991-жылдын октябрынан тартып эле Грозный ырасмий Москвага салык телөөдөн баш тартып, Чеченстанды өз алдынча эркин мамлекет катары жарыялап салган. Орус бийлиги буга кайдыгер карап отура албайт эле. Бирок андагы президент Борис Ельцин кан төгүүдөн качууга жакшы эле аракет кылып, бир топко чейин катуу ойлонгон дешет аны менен чогуу иштегендер. Коргоо министри Павел Грачев болсо Ельцинди Грозный эки саатта эле чөгөлөп, кол көтөрүп берет деп ишендирген экен. Туура, Кремль бийликтери согуш баштаардан мурда - 1994-жылы 29-ноябрда Жохар Дудаевге Москвага баш ийип берүүнү айтып, ультиматум койгон.

Азыр Улуу Британияда саясий качкын катары башпаанектеп жүргөн Ахмед Закаев Жохар Дудаев менен бирге иштеген. Ал “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Түндүк Кавказ кызматына берген интервьюсунда Жохар Дудаев Орусиянын согуш баштаарына ал учурда ишенген эмес эле дейт:

- Мен Жохарга “кандай болсо да үйдөн эч кайда кетпейм жана башталып жаткандарга каршылыгымды көрсөтөм” деп айттым. Ал “согуш болбойт, анткени ага дүйнө жол бербейт, буга мен ишенем” деди. Билбейм эмнеге экенин, бирок Жохар согуш башталбайт деген катуу ишенимде эле.

Грозный бийлиги антип аткан кезде Кремлде да Чеченстанга аскер жиберүү керекпи же жокпу деген маселе катуу талаш-тартышка түшкөн. Орус думасынын ошол кездеги спикери Иван Рыбкин Борис Ельцин менен бир жолку жолугушуусунда орус президенти ошол кезде катуу кыйналып, ойлорго чайналып турганын эскерет:

- Эмнегедир Борис Николаевич менин көзүмө тигилип туруп: “экинчи Афганистанга айланып кетишинен катуу корком” деп айтты.

Кийин Ельцин Грозныйга кол салуу олуттуу ката болгонун моюнга алган. Анын Чеченстан экинчи Афганистанга айланып кетпесе экен деген кооптонуусуна негиз бар болуп чыкты. Эгер Афганистандагы он жылдык согуш аралыгында советтик 13 миң аскер каза тапса, соңку он жылдан бери орустун куралдуу күчтөрү Чеченстанда андан эки эсе көп – 26 миңдей уулун жерге берди.

Маалыматтарга караганда бул согуш чечендердин төрттөн бир бөлүгүн, анын ичинде 40 миң баланы ажалга моюн сундурду. Мындан тышкары он миңдеген чечендер ар кайсы жерлерде өз үй, өлөң төшөгүнө баралбай, бөтөн эл, бөтөн жерде тирилик кылып жүрүшөт.

Дудаевдин өзү 1996-жылы апрелде ракеталык аткылоодон каза тапканы менен анын Чеченстанды Орусиядан бөлүп, эгемен мамлекет кылуу идеясын жактоочулардын саны дале аз эмес. Аслан Масхадов баштаган бир катар чечендер куду эле тамагын жолдоон таап жеген карышкыр сыңары токой-тоону аралап, оңтою болгон жерден орус аскерлерине кол салып, кылычтарын кынга салбай келатат. Анткени 1996-жылы августта Хасавюртта кол коюлган тынчтык келишими 3 жыл гана сакталды.

Борис Ельцинден кийин бийликтке келген Владимир Путин Москвадагы бир катар жардырууларга чечендердин тийешеси бар деп, Ичкерияга экинчи ирет орус аскерлерин жиберди. Масхадов бийликтен кеткени менен, анын ордун баскан Ахмад Кадыров кол салуудан каза тапты. Мындан тышкары 2002-жылы Норд-Остто, жакында болсо Бесланда катуу кыргындар болду. Укук коргоочулар болсо өз кезегинде - орус аскерлери Чеченстанда каалаганын жасап атканын айтып, тынчсызданышат. Ошол эле убакта чечендер менен орустардын ортосундагы кандан канга өтүп келаткан кек сактамай өчөгүшү качан токтоору белгисиз...

Сүрөттө: Быйыл кулаган эки учактын биринин калдыгы. Орус бийлиги аны чечен козголоңчуларынын колунан келди деп эсептейт.