А.Акаев оппозиция ыплас технологияларды колдонууда деди

БИШКЕК. Кыргызстанда оппозициянын кандай жол менен болбосун, бийликке жетүү максатын көздөгөн айрым өкүлдөрү чет өлкөлүк ыплас технологияларды колдонуп жатат. Мындай пикирин президент Аскар Акаев бүгүн Бишкекте Улуттук илимдер Академиясында “Өзгөрүп жаткан дүйнөдөгү демократия” деген тема алдында өткөн илимий конференцияда билдирди. Акаев алдыдагы парламенттик, президенттик шайлоолор ачык, адилет өтүшү үчүн президент катары бардык күч аракетин жумшай тургандыгы жөнүндө айтты. Ал эми жыйында сөз сүйлөгөн өлкөнүн тышкы иштер министри Аскар Айтматов соңку мезгилде айрым эл аралык уюмдардын Кыргызстандагы демократиялык жараяндар, адам укуктарынын абалына байланыштуу жасаган билдирүүлөрү дайыма эле салмактуу болбой жаткандыгын айтып өттү. Министр белгилегендей, Кыргызстан ал тарабынан ратификациялаган эл аралык келишимдерди, Конвенция, Декларацияларды сактоого аракеттенип келет. Илимий конференция өлкөдөгү Демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңештин демилгеси менен өткөрүлдү.