Чолпон Орозобекова, Бишкек Мамлекет башчы Аскар Акаевдин пикиринде оппозициянын айрым өкүлдөрү сырттан таяныч издөө менен ыплас саясий технологияларды пайдаланышууда. Ал эми кыргыз бийлигинин айрым өкүлдөрүнүн айтымында Кыргызстандагы кай бир абройлуу эл аралык уюмдар кош стандарт менен иштеп, өлкөдөгү кырдаалга ашепке баа берген адат табышты. Мындай сын-пикирлер 10-декабрда Бишкекте демократиялык өнүгүүгө арналып өткөн жыйында да айтылды.
Мамлекет башчынын пикиринде кандай болгон күндө да улуттук кызыкчылыкты жогору коюу ыйык болушу керек. ""Роза" же «саргыч» революциялардын ураанына азгырылып, сырттан болгон таасирге алданган өлкөлөрдөгү иш-аракеттер түпкү улуттук таламдарга жооп бербейт" деди Аскар Акаев.
Анын айтымында, оппозициялык күчтөр таңуулаган төңкөрүштөр жана революциялар күтүүсүз кесепеттерге алып келиши ыктымал. Президент коомдун ыркын кетирген, атуулдук тирешүүгө алып келип аткан айрым саясатчылар болор-болбос тыйын үчүн чет элдиктердин камчысын чаап атат деген ойдо:
- Дагы бир ыйык норма бар. Бул - өлкөбүздүн улуттук кызыкчылыктары. Бул нормадан аша чапкандар коомдун ыркын кетирип, атуулдук тирешүүгө алып келүү менен элдин ишеничине ээ боло албасы анык. Тилекке каршы, бизде болор- болбос тыйын үчүн чет элдиктердин камчысын чаап берүүгө даярлар четтен чыгып жатат, - деди Аскар Акаев.
«Өзгөрүп жаткан дүйнөдөгү демократия» деп аталган бул жыйында мамлекет башчысы өлкөдөгү демократиялык акыбалга токтолуп жатып ушуларды айтты. Президенттин пикиринде Кыргызстанда ар бир миң кишиге бирден бейөкмөт уюм туура келет, ал эми оппозициячыл маалымат каражаттары кең-кесири иштеп жатат. Андыктан өлкөдөгү демократиялык жараяндын жетишкендиктерин жокко чыгаруу адилетсиздик болуп калат.
Ошондой эле мамлекет башчынын айтымында, оппозициянын өкүлдөрү бийликке жетиш үчүн чет өлкөлүк каражаттарды жана ыплас ыкмаларды пайдаланып жатышат. Бул жыйынга катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Ташболот Балтабаев эки жээк тең эле колдон келген ыкмаларды пайдаланышууда деген ойдо:
-Башкача ойлонуп жана башкача жолду тандаган адамдардын да пикирин сыйлоо демократиянын негизги принциптеринин бири да. Андыктан оппозицияны минтип күнөөлөш демократияга жатпай калат го деп ойлойм. Ал эми оппозиция бийликке жетиш үчүн, бийликтегилер болсо бийлигин сактап калыш үчүн колдон келген аракеттерин жасап жатат. Менимче, бул кадыресе көрүнүш.
Ал эми бул жыйында сөз сүйлөгөн Аскар Айтматов Кыргызстандагы демократиялык өнөктүктөргө жогорку баа берди. Ал эл аралык коомчулук алдында пикир түзүп аткан айрым уюмдарга нааразы оюн айтты. Аскар Айтматовдун айтымында ЕККУ өңдүү айрым эл аралык уюмдар кош стандарт менен иш алып барып, ал эми Кыргызстандагы кырдаалга баа берүүдө алар бир аз көбүртүп-жабыртып ийип атышат.
Бул жыйында сүйлөгөн БУУнун өнүгүү программасынын жетекчиси Ежи Скуратович азыркы бийлик менен бейөкмөт уюмдар, саясий партиялар ортосунда диалогду жандандыруу, жаңыртуу керектигин белгиледи. Ежи Скуратович ошондо гана айрым түшүнбөстүктөр жоюлмак деген ойдо.
Жыйында Аскар Акаев алдыдагы шайлоолордун демократиялуу жана таза өтүшү үчүн колдон келген аракетти жасайм деп убада берди. Албетте, мындай убадаларды президент биринчи жолу берип жаткан жок...