Айнек заводго ЕӨБ акча берди

БИШКЕК. Бүгүн Европа өнүгүү банкы Токмоктогу «Интергласс» ишканасына 5,5 миллион евролук кредит берди. Макулдашууга кол коюу ишкананын өзүндө болуп, ага президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев жана Европа банкынын президенти Жан Лемьер катышты. Кол коюу маалында айтылган маалыматка караганда, акча беш жылга, ишкананын өндүрүшүн күчөтүү үчүн берилди. «Интергласс» ишканасы 2000-жылы Германиялык “Steinert Industries» компаниясынын бир бөлүмү катары ачылган. Эки жылдык оңдоп-түзөө иштеринен кийин азыр айнек чыгаруу боюнча Борбор Азиядагы ири ишканага айланып, продукциясынын 95 процентин чет өлкөлөргө экспорттоодо.Ушул жылдын өткөн 10 айында 14 миллион чарчы метр айнек чыгарды.