Виктор Ющенкого жеңишке жол ачылды

Парламент бүгүн эртең менен конституцияга жана шайлоо жөнүндөгү мыйзамга түзөтүү киргизүү сунуштарын жактырган эле. Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасын жана 4 мүчөсүн алмаштырууга макулдугун берген.
Верховна Раданын добуш берүсүнөн кийин сүйлөгөн сөзүндө Ющенко бул – “тарыхый компромисстин күнү” болду деди.
26-декабрда Ющенко менен азыркы өкмөт башчы Виктор Янукович мамлекет башчы кызматы үчүн кайрадан ат салышмакчы.
Ющенко башындагы оппозиция кайра добуш берүү учурундагы ар кандай бурмалоолорду алдын алуу үчүн шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуш эткен. Президент Кучма болсо мамлекет башчынын ыйгарым укуктарын чектеген конституциялык түзөтүүлөр жөнүндө сунушун киргизген эле.
Брюсселде сапар менен жүргөн АКШнын мамкатчысы Коллин Пауэлл бул чечимди кубаттай турганын билдирди:

26-декабрда болчу добуш берүүну колдойбуз. Өнөктүк өлкөдөгү саясий институттардын башын кошуп, өз ара ишенбөөчүлүктү жоймокчу. Менимче, Украинанын Жогорку соту өтө акылдуу токтом чыгарды. Бүгүн эртең менен параламент дагы ушундай эле кадам жасаганына өтө кубанам.

Евробиримдиктин тышкы саясатын жетектеген Хавьер Солана 26-декабрдагы добуш берүүнү камсыз кылууга маанилүү кадам ташталды деп комментариялады.

НАТОдогу булактардын ырастоосунда, альянстын тышкы иштер министрлери украиналык кесиптеши менен жолугушууну кийнкиге калтыруу чечимин кабыл алышты. “Өлкө саясий кризистен чыгуу жолдорун издеп жаткан чакта, андай
жолугушуу азыркы өкмөттүн легитимдүүлүгүн таанууга барабар болуп калат”, - деди НАТОнун атын атабаган расмий өкүлү.
Саммит өлкө жаңы, легитимдүү өкмөткө ээ болгондо өткөрүлөт, - дейт брюсселдик дипломат.
Министрлер украин тышкы мекемесинин жетекчиси Константин Гришенко менен жылдык жыйынынан кийин жолугушмак.