ОРУС-ТҮРК МАМИЛЕСИНИН ЖАҢЫ ЭТАБЫ…

Аким Өзгөн, Түркия Россиянын Президенти Владимир Путиндин 24 саатка гана созулган Анкара сапары аркылуу, 500 жылдык Түрк-Орус байланыштарынын көөнө тарыхына өзгөчө маанилүү бир "бурулуш учур" катары жазылып калды.
Түркияга келген алгачкы орус президент катары Владимир Путиндин Анкарага болгон чакан сапарынын жүрүшүндө, 6 айрым келишим жана 1 орток декларацияга кол коюлду. Келишимдер, территориалдык суу аймактарынын тышында издөө-куткаруу операцияларын жүргүзүү; аскердик-техникалык кызматташтыктын чеги ичинде өндүрүлгөн интеллектуалдык менчикти жана коргонуу өнөр жай кызматташтыктын чеги ичинде эки өлкөнүн ортосунда алмашылган жашыруун материалдарды коргоо, техникалык тармактагы кызматташтыкты тереңдетүүнү көздөгөн маанилүү маселерин камтыды. Путин Анкарага келери менен эле, кеп эмнеде болорунун четин чыгарып:

“Биз бул жерге жигердүү чечимдерди кабыл алыш үчүн келип олтурабыз” деген эле. Түркиянын Президенти Ахмет Неждет Сезер жана Владимир Путин тарабынан кол коюлган, “Достук жана көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары тереңдештирүү тууралуу келишим” сөз кылынган ‘жигердүү чечимдердин’ чыйырын салды. Жакында эле, кансыз согуштун жылдарында, каршылаш лагерлерде, бири бири менен эрегишип келген бул эки Евразия өлкөсү, ансыз деле, 1990- жылдардын башында СССРдын ыдырашынан кийин башталган жөп-жөнөкөй ‘челнок соодасы’, андан ары Россиянын газын Кара деңиздин астынан Түркияга алып чыккан ‘Көгүлтүр агын’ боросу жана эң эле маанилүүсү, ылдамдык менен өсүп келаткан туризмдин шарапаты менен жылый баштаган мамилелер, Путиндин бул чакан, чакан болгону менен тарыхый мааниге ээ сапары аркылуу, стратегиялык мүнөз ала баштады. Путин маалымат жыйынында, “терроризмге каршы күрөштө эки өлкөнүн пикири бир орундан чыкты” деп айтса дагы, Москванын ‘ток этээр жери’ болуп эсептелген Чеченстан менен байланыштуу, Түркиянын теги чечен же кавказдык атуулдарынын алып бараткан иш-аракеттери жана Москванын Түркияга каршы ПКК картасын жең ичинде сактап келе жатышы мамилелердин өнүгүшүнө дагы бир топ убака кедергилик кылары ажеп эмес.

Ошондой болсо дагы, эки өлкөнү бири бирине жакындаштырган эң башкы фактор саналган, соода жана экономика, мамилелердин кыймылдаткыч күчү катары бир гана өзүнө таандык сферада эмес, саясий-стратегиялык катнаштарды да алдыга карай түрткүлөп жылдыра турганында шек жок. Ошондуктан болсо керек, Путин саякатынын жүрүшүндө, соода-сатык маселелерине өзгөчө басым жасап, Анкаранын коргонуу жана башка өнөр жай тармактарындагы тендерлерде Россияга теңдиктүү мамиле жасоого чакырды. Ал өзгөчө, Татарстандын TATNEFT жана Түркиянын ZORLU Холдинги биргелеше утуп чыккан, Түркиянын өнөр жайынын шаасы TÜPRAŞ тендеринин, жогорку сот тарабынан алынып салынуусуна нааразычылык билдирди. Ал ошол эле кезде, “Орус-Израиль дизайнындагы согуштук тик учарга, Ердоган деген наам бергенбиз” деп, Ердоганды, аталган тикучактарды лицензиялуу түрдө Түркияда өндүрүп, үчүнчү өлкөлөргө сатуу жөнүндөгү сунушун дагы бир жолу эске салды.