Казакстан парламентинин төмөнкү палатасынын мурдагы спикери Жармахан Туякбай кечээ күнү Демократиялык күчтөрдүн координациялык кеңешинин төрагасы болуп шайланды. Бул Кеңешти октябрда Коммунисттик партия менен биргелешип "Ак-Жол" жана "Казакстандын демократиялык тандоосу" деп аталган кыймылдар түзгөн жана анын негизги максаты - оппозициялык күчтөрдү бириктирүү. 19-сентябрда өткөрүлгөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктары одоно бурмаланган деп, Туякбай октябрда кызматынан чегинген жана президент Нурсултан Назарбаевдин "Отан" партиясынан да чыгып кеткен.