ПУТИН ЖАНА УКРАИНАДАГЫ ШАЙЛОО

Муса Мураталиев, Москва Орусиянын мурдагы советтик жумурияттарга өз таасирин жайылтуу аракети кийинки учурда башкача мүнөзгө өткөнү айтыла баштады. Анализчилер баамында, ал Украинада президентти шайлоо маалында баскынчылык мүнөздө болгон. Ал өлкөгө Владимир Путин «башкарылма демократиясын» таңуулоо аракетин жасаган.
Бирок ал далаалатынан майнап чыкпай калган. Ошондуктан анализчилер, муну, Путин бийликте олтурган төрт жыл ичиндеги анын эң чоң беделинин кетиши деп белгилешүүдө. Ошондой эле Орусия мындан ары жанаша жаткан өлкөлөргө жүргүзчү үстөмдүк саясаты ушул мүнөздө болот деген божомол айтылууда.


Украин өлкөсү өзүнө президент тандоо болуп атканда орусиялык лидер Владимир Путин ага аралаша коем деп, эл айтканга караганда, эки ката кетирген. Биринчиси - улуу башын кичүү кылып Киевге барып, барганда да, ал жерде Януковичтин атын чыгарыш үчүн добуш берүүчүлөрдү айдакташы болду дешет. Мындай көрүнүштү анализчилер, Москванын “башкарылма демократиясын” кошуна өлкөлөргө ташуусу деп түшүндүрүшүүдө.

Ал жолку орусиялык президенттин атайлап, сапар алып, кошуна өлкөнүн сыналгыларынан чыгып сүйлөп, ансыз да бийликте турган талапкерди колдошун көпчүлүк жактыра беришкен эмес. Ошолордун бири – таанымал саясий анализчи Андрей Пионтковский болгон:

Путиндин жүргүзгөн саясатынын кыйла жагын мен сынга алып жүрөмүн. Ошого карабай ал менин, мен жашаган өлкөнүн президенти. Ошондуктан мен анын үч күн удаа Павловскийдин “сайрама тоту кушу болуп” (Украинада-ММ) үгүт айтып жүрүшүн көрүп уялып, жети өмүрүм жерге кирип кете жаздады, - дейт анализчи.

Кызык жери, ошол, 26-октябрде орусиялыктар кызыккан эң олуттуу маалыматты – Путиндин жогорку орунга үчүнчү жолу шайланбаймын деген кебин анын өз оозунан угушкан эле. Украин атуулу, Валентина Николавна берген президенттер канча мөөнөткө шайланууга акылуу деген суроого:

Орусиянын Негизги мыйзамы президент болуп эки гана жолу шайланууга укук берет. Мен ошол мыйзам арибине таянамын, - деген Владимир Путин.

Экинчи кетирген катасы – Янукович жеңиптир деген аңыртка ишенип, шашып-бушуп аны куттуктап жибериши болгон дешет. Баса, ал куттуктоо, 25-ноябрде орусиянын сыналгысы аркалуу айтылды эле:

Владимир Путин шайлоодо жеңип чыккан Виктор Януковичти куттуктады. Ага жиберген телеграммада украин эли ырааттуулук үчүн, демократия үчүн жана экономикалык жаңылануу үчүн туура тандоо жазады деди, - деген эле.

Орусиялык солчулдар, баарыдан мурда улутчул жана коммунисттер Путиндин жасаган жаңы кадамын туура көрүп, бирок анын омоктуу эместигин сынга алышты. Солчулдар канатынын үн катары, жазуучу Александр Прохановдун ою боюнча:

Путин бул жерде өзүнө көр казды. Эмне дегенде ал Конституцияга таяп иш кылам деп атып, (Украинадан айрылып – ММ), анысы аз келгенсип эми орусияны ичинен кыйроого дуушар кылды. Эмне дегенде, мындан кийинки соку Путиндин өзүнө карата болот, - деди “Завтра” гезитинин баш редактору.