Орус президенти Владимир Путин Түркиядагы сапар маалында 26-декабрда украин эли кимди тандаса ошол президент менен иштешем деп билдирди. Ошондой эле ал Украинаны жана калган мурдагы советтик республикаларны бөлүп–жарууга аракет жасап жатат деп Батышты сынга алды. Ал мындай аракеттерди чагымчылдык жана бүлгүн салуучулук катары баалай тургандыгын билдирди. Путиндин пикири боюнча мамлекет башчысына кимдин келишин украин эли гана чечиши зарыл.
Орус президенти 6-декабрда Анкарада мамлекет башчысы Ахмет Сезарь менен жолугушуп, алар бир катар олуттуу документтерге кол коюшту. Сапар учурунда эки мамлекеттин ортосундагы достук жана кызматташтык тууралуу декларация кабыл алынып, бир катар документтерге кол коюлду.
Президент Ахмед Сезарь Москва менен Анкара терроризмге, маңзаттарга каршы күрөштө ынак болушу керек деп билдирди.