Химиялык куралдарга тыюу салуу уюм жыйынына Кыргызстан биринчи жолу катышты

БИШКЕК. Химиялык куралдарга тыюу салуу уюмуна мүчө мамлекеттердин 9-конференциясы 29-ноябрдан 3-декабрга чейин Гаага шаарында өттү. Тышкы иштер министрлиги бүгүн тараткан маалыматка караганда, бул конференцияга Кыргызстан биринчи жолу катышты. Кыргызстандык делегацияны уюмдагы туруктуу өкүл, элчи Чыңгыз Айтматов жетектеди. Элчи конференцияда сөз сүйлөп, анда химиялык куралдарды сактоого, өндүрүүгө жана таратууга тыюу салуу боюнча Кыргызстандын так позициясын билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан химиялык куралдарды чыгарган эмес жана чыгарбайт.
Ошондой эле Чыңгыз Айтматов конференцияда химиялык куралдарга тыюу салуу тууралуу Конвенцияны ишке ашырууга милдеткер улуттук орган түзүлүп жатканын кабарлады.
Химиялык куралдарга тыюу салуу уюму 1997-жылы түзүлгөн. Ага азыр 167 мамлекет мүчө.