Кароосуз балдардын жана жаштар абалы тегерек үстөлдө

КАРАКОЛ. Бул иш чара Кыргызстандагы репродуктивдүү ден-соолук боюнча «Альянс» коомдук бирикмесинин облустагы бөлүмү тарабынан уюштурулду. Анда зомбулуктун гендерлик аспектилери, жаштар көйгөйлөрүнүн келип чыгыш себептери жана башка темалар талкууланды.
Облустук ички иштер башкармалыгынын өспүрүмдөр боюнча кызматкери Елена Тищакованын маалыматында Каракол шаарында ата-эненин, мектептин жана коомдук уюмдардын кароосунан дээрлик сыртта калган 13 өспүрүм бар. Аларды жайгаштыруучу орун тактала элек. Өз жандарын өздөрү кыйган жаштардын саны тогузга жетти. Ичкиликке, баңгиликке берилген жаштарга коомчулук тарабынан көңүл бурулушу керек деген бүтүмгө келишкен жыйындын катышуучулары зомбулук көйгөйлөрүнүн келип чыгыш себептерин да талкуулады.