Хамас уюмунун дагы жергиликтүү жетекчиси колго түштү

Израиль өкмөтүнүн айтымында, анын аскерлери бүгүн Йордан дарыясынын батыш жээгинде "Хамас" аттуу аскерий топтун жергиликтүү жетекчиси Рами ал-Тайя жана анын бир нече жардамчысын кармады. Жөөт коопсуздук кызматтары аны көптөн бери издеп жүргөн жана аны Израилге каршы бир нече террор аракетин уюштурган деп күнөөлөйт, алардын арасына - 2002-жылдын март айында Нетанья шаарындагы мейманканадагы жардыруу да кирет, анда отуздай адам курман болгон.