БИШКЕК. Өлкө аймагында психикалык саламаттыкты коргоо тармагын реформалоо зарыл. Бул тууралуу аталган тармактын Республикалык борборунун кызматкерлери бүгүн маалымат жыйынында билдиришти. Маалыматка караганда Кыргызстанда психикалык жактан жабыркаган 48 миң адам катталган. 2 миң койкалык орунда оорулулар дарыланат. Стационарда дарыланучулардын бир күндүк тамак-ашына жумшалуучу 56 сомдун ордуна 19 сом каражат жумшалууда. Ал эми бир күндүк дары- дармегине өлчөм боюнча 50-60 сом керектелсе, иш жүзүндө 6 сом бөлүнөт.