Турсунбек Акун ооруканадан чыгарылды

БИШКЕК. Турсунбек Акун 2-декабрда Бишкектеги Травматология жана ортопедия ооруканасынан чыгарылып, үйүнө жеткирилди. Бул тууралуу укук коргоочунун үйбүлөсүнөн кабарлашты. Маалыматка караганда, аталган ооруканада Турсунбек Акун жакшы каралбай калгандыктан аны чыгарып, башка клиникага жаткыруу чечими жакындары тарабынан кабыл алынды. Турсунбек Акун өзү ден соолугу жакшы эместигин, башы катуу ооруп, кыйналып тургандыгын «Азаттыкка» бүгүн билдирген. Акундун айтымында, аны 15 күн бою кармап турган адамдар президент Аскар Акаевди кетирүү максатында кол топтоо аракетин токтотууну талап кылышкан. Укук коргоочу жаткырылган оорукананын башкы дарыгери Жаныш Сулайманов болсо Турсунбек Акундун Травматология жана ортопедия ооруканасында жатуусуна себеп жок экенин, эгерде зарылдык болсо ал башка адистешкен ооруканада иликтөөдөн өтүүгө тийиш экендигин «Кабар» маалымат агенттигинде бүгүн өткөрүлгөн маалымат жыйынында билдирген эле.