Махмуд Аббас Израилди тынчтык сүйлөшүүлөрдү жандантууга чакырды

ГАЗА. Палестин автономиясынын президенттигине талапкер Махмуд Аббас Израиль менен тынчтык сүйлөшүүлөрдү жандантууга чакырды. Аббас сүйлөшүүлөрдү 9-январга белгиленген президенттик шайлоо өткөндөн кийин баштоону сунуш кылды. Мисирдин маалымат каражаттарына берген интервьюсунда Аббас израил-палестин жаңжалын жөнгө салуу боюнча келишим келерки жылы жетишилүүсү мүмкүн деп айтты.