Дин кызматкерлери СПИДге каршы

БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте СПИДге каршы күрөштүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата «Ислам дининин Кыргызстандагы лидерлери жана дин кызматкерлери СПИДге каршы» аттуу улуттук экинчи конференция болду. Аны БУУнун Өнүгүү программасынын көмөгү менен дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жана мусулмандардын диний башкармалыгы өткөрдү. Конференцияга БУУнун Өнүгүү программасынын Кыргызстандагы өкүлү Ежи Скуратович, эл аралык, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, өкмөттүн, президенттик администрациянын кызматкерлери катышты. БУУнун Өнүгүү программасынын өкүлү Ежи Скуратович Кыргызстанда күч алып бараткан СПИД дартын ооздуктоого БУУ каржылык жана методологиялык жардам берерин билдирди. Ал эми вице-премьер министр Токтобүбү Айтикеева күрөштү күчөтүүгө өкмөттүн каражаты жетишпестигин белгилөө менен бирге чет элдик уюмдардын жардамы менен СПИД дартын аныктоочу аппараттар Бишкекке коюлгандыгын,ал жакында Ошто орнотулаарын билдирди. Муфтий Муратаалы Жуманов отчет үчүн гана иш чараларды өткөрбөй, анын натыйжасына жетишүү зарыл деп белгиледи.