Премьер-министр Кытайда

БИШКЕК. Бүгүн Шанхайда Кыргызстандын премьер-министри Николай Танаев баштаган кыргыз делегациясынын өкүлдөрү шаардын бийлик жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Анда Николай Танаев доклад менен чыгып сүйлөдү. Жыйында эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык, ишкердик тармактарындагы кызматташтыкты жакшыртуу маселелери боюнча пикир алышуулар болду.

Ушул эле күнү Николай Танаев, Кыргызстандын экономиканы өнүктүрүү, соода жана өнөр-жай министри Амангелди Муралиев, айыл-чарба министри Александр Костюк жана делегациянын башка мүчөлөрү Кытайдын Гуаньчжоу шаарына келишти. Шаршембиде кыргыз делегациясы аталган шаардын бизнес чөйрөсү менен жана Гуандун провинциясынын губернатору Хуан Хуа Хуа менен жолугушат. Бул тууралуу бүгүн «Азаттыкка» өкмөттүн маалымат кзыматынан билдиришти. Кыргыз делегациясынын Кытайга болгон төрт күндүк иш-сапары 2-декабрда аяктайт.