Муса Мураталиев, Москва Украинада президенттик шайлоодон улам пайда болгон саясий кризис уланууда. Теңтайлаш добуш жыйнашкан Янукович менен Ющенконун жаатташтары өлкөнүн шаарларында акцияларын улантууда. Украинда лидер тандоо жүрүп атканда орус президенти Путин үч аптада эки жолу ал өлкөгө барып, Януковичке колдоо көргөзгөн. Ар кайсы булактар билдиргенге караганда, шайлоонун жүрүшүндө мыйзам бузуучулукка жол берилген. Ошол себептүү шайлоонун үчүнчү айлампасы өтүшү ыктымал дешүүдө.
Сырттан көз салуучулар Киевди өз таасиринин астында калтыруу максатында Кремль Януковичти президент кылып шайлатууга болгон аракетин жасап атат дешет.
Ал эми Ющенконун атын сүрөөгө алгандар батыш өлкөлөрү жана АКШ болууда дешет.
“Газета” гезити жазганга караганда "Орусия менен Батыштын ортосундагы геосаясий күрөштө Украина үчүн болгон атаандаштык алардын ортосундагы эң олуттуу кармашка айланды".
“Независимая газета” болсо "Украина кризисине кабылганда ал тургай буга дейре Кремлге өнөк болуп келаткан Германия, Франция, Италия тетири карап кеткени айкын болду", деп жазат.
Орусиянын тышкы саясаты мындай кыйын кезеңге учурашын баарыдан мурда президент Путиндин олдоксон жүргүзгөн ишинен дешет. Анын ишмердиги кеңешчилеринин амал-айласына жараша болуп атат дешүүдө.
Кремлдик саясатты теске салган төбөлдөрдүн бири Глеб Павловскийдин Украина кризисинен Москва кандай таалим алгандыгы тууралуу айткан пикирин уга кетели:
-Ушундан кийин Батыш Европадагы жана башка өлкөлөрдөгү биздин улуттук кызыкчылыгыбыз боюнча жүргүзүлүп аткан саясий иштин системасы өзгөрүлбөсө анда биз төиөнкү тепкичке ылдыйлап, азыркы статусубузду жоготобуз.
Москвадагы Карнеги борборунун жетекчиси Маша Липмандын айтканына караганда:
-Он жыл мурда кыйраган советтик өлкөлөрдүн арасы азыр борборлоштурган бийлик жүргүзүүнү катуу эңсеген Путин үчүн кайрадан жакындап, акыры баар табуусу ыктымал.
Ал эми көз карандысыз саясий талдоочу Андрей Пионтковскийдин пикири боюнча андай болушу такыр мүмкүн эмес:
-Мурдагы советтик өлкөлөр мейкиндигинде Орусия эч кимге кереги жок экендигин орусиялык саясий элита этибарына алгысы кеблейт. Аны түшүнүүнүн ордуна алар кайра либералдык империя түзүү тажрыйбасын улам кайталашууда.
Карапайым кишилер Орусиянын Украина шайлоосуна үзүлүп-түшүп аралашышын президент Владимир Путиндин кемчилиги эмес, анын айланасындагы чиновниктеринин чабалдыгы дешет. Көчөдөн жолуккан аял мындай ой айтат:
-Путин алды-артын карабай иш кылды деп ойлойм. Менин баамымда жанындагы чиновниктери аны жаңылыштыкка түртүштү. Демейдегидей, биздин Путинди, алдыга коё берип, өздөрү арттан карап турушат. Аны курчап турган чиновниктер жеткен алдамчылар.