ЕККУнун төрагасынын атайын өкүлү Бишкекте

БИШКЕК. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун азыркы төрагасынын атайын өкүлү Мартти Ахтисаари 29-ноябрда Кыргызстандын президенти Аскар Акаев менен жолугушту. Тараптар ЕККУ менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты өркүндөтүү маселелери боюнча пикир алышышты.

Аскар Акаев ЕККУ тарабынан Кыргызстандын тартип коргоо системасын реформалоо боюнча долбоорун ишке ашырууга жардам көрсөтүлүп жаткандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Аталган долбоордун башкы максаттарынын бири - өлкөнүн ички иштер министрлигинин иштиктүүлүгүн жогорулатуу. Жолугушууда Президент Акаев өлкөнүн ички иштер органдарын реформалоого, улуттук жана регионалдык коопсуздукту чыңдоого Германия тарабынан да жардамдар көрсөтүлө тургандыгы жөнүндө маалымдады.

Ушул эле күнү Мартти Ахтисаари тышкы иштер министри Аскар Айтматов, ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин жетекчиси Маркус Мюллер менен жолугушту.