Пакистан Ооганстанга чектеш аймактарынан аскерлерин чыгарып кетет

Өлкөнүн аскер командачылыгынын өкүлү, генерал Шаукат Султандын билдиргенине караганда Түштүк Вазиристан провинциясындагы Ооганстан менен чектеш аймактардагы аскерлер чыгарылып, аскердик блокпосттордун айрым бөлүктөрү полиция күчтөрүнүн көзөмөлүнө өткөрүлүп берилет.

Ушул жылдын март айынан тарта аталган чөлкөмдө «аль-Каида» менен талиб согушкерлерин издөө жана кармоо максатында кеңири алкактагы операциялар жүргүзүлүп келген. Кагылышуу учурунда 300дөй согушкерлер өлтүрүлүп, эки жүзгө жакын аскерлер каза тапкан.