Эки өлкөнүн ортосундагы алакаларды чыңдоо жөнүндөгү бу документке өткөн аптада Бухарада президенттер Сапармурат Ниязов менен Ислам Каримов кол коюшкан эле. Кошуна өлкөлөрдүн мамилеси 2002-жылы Ниязовго кол салуу аракети жасалгандан кийин кыйгылданып кеткен эле. Ырасмий Ашхабад өзбек бийликтерин сүргүндөгү түркмөн оппозиционерлерине башкалка берген жана алардын Түркмөнстанга жашыруун өтүп келишине мүмкүндүк түзгөн деп айыптаган.