Кытай Россияга нааразылык билдирди

Москва тибеттиктердин сүргүндөгү диний лидери Далай Ламага Калмыкстанга келгенге уруксат бермек болгон эле. Бирок кечээ Россиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Александр Яковенко маселе али чечиле электигин ырастаган. Кытайдын тышкы иштер министрлигинин өкүлү өз кезегинде ырасмий Пекин "тибет сепаратисттеринин лидери менен ырасмий деңгээлдеги ар кандай карым-катнаштарга" Кытай баштагыдай эле каршы экендигин билдирди.

Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Прагадан Эсенбай Нурушев даярдады.