БУУ ТҮРКМӨНСТАНГА БАЙЛАНЫШКАН РЕЗОЛЮЦИЯ КАБЫЛ АЛДЫ

Шайырбек Эркин уулу, Прага Жакында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы “Түркмөнстандагы адам укуктары боюнча кырдаал тууралуу” резолюция кабыл алды. Анда өлкөдө кандай гана саясий оппозиция болбосун бийликтин басым-кысымына тушугаары, мыйзамсыз камоолор жана улуттук азчылыктарды басмырлоо көп экени айтылат.
Дүйнө коомчулугу Түркмөнстандагы адам укуктары боюнча абалды ушуну менен экинчи ирет айыптоодо. Бириккен Улуттар Уюму Түркмөнстанга байланышкан биринчи резолюцияны өткөн жылдын декабрында кабыл алган эле. Ачык коом институтунун Түркмөнстандагы программасынын башчысы Эрика Дейли жыл айланбай кабыл алынган экинчи резолюциянын биринчисинен айырмасына мындайча токтолот:

- Экинчи резолюция абдан кеңири жана конструктивдүү жазылган. Анда Түркмөн өкмөтүнүн адам укуктары жаатында жасап жаткан оң аракеттери да белгиленген. Ошол эле учурда өлкөдө адам укуктарынын ырааттуу бузулуп жатканы айыпталып, түркмөн бийликтерин эларалык коомчулук менен кызматташууга чакырат.

Дейли айым айтып өткөн оң аракеттер катары резолюцияда айрым диний уюмдарга каттоодон өтүүгө уруксат берилиши, “Иегова күбөлөрү” диний сектасынын аскерде кызмат өтөөдөн баш тартканы үчүн камалган бир канча мүчөлөрү түрмөдөн бошотулганы жана Сапармурат Ниязов эларалык байкоочуларын түркмөн түрмөлөрүндөгү абал менен таанышууга уруксат кылышы белгиленген.

Ушундай өзгөрүүлөрдөн улам Эрика Дейли айым президент Сапармурат Ниязов БУУнун талаптарын аткарууга аракет жасап жаткандай деген пикирде. Анын айтымында, ушул убакытка дейре эларалык уюмдардын башка усулдары пайда бербей келген. Эгер БУУнун ырасмий Ашхабадка ушундай басымынын натыйжасында адам укуктарына байланышкан абал жакшыра турган болсо мындай ыкманы улантуу керек

- Биз ар бир оң өзгөрүүнү терең сын көз менен кабылдоого мажбурбуз. Канткен менен Түркмөнстандын жетекчилери абдан ыплас оюн жасоодо. Алар күчтүү басымдан соң гана айрым тармактарда өзгөртүүлөрдү жасайт. Башка жаатта болсо абал баягыдай эле кала берет. Маселен, адам укуктарынын бузулушу кайра күчөөдө.

Ырасмий Ашхабад БУУнун бул резолюциясына өз мамилесин көпкө күттүрбөй, дароо эле билдирди. Түркмөнстандын тышкы иштер министри Решид Мередовдун пикири:

- Резолюция авторлору кандайдыр бир тастыктоочу факт же мисал келтире алган эмес. Биз Түркмөнстанда өз пикирин ачык айтканы же саясий, диний көз карашы үчүн эч ким, эч качан камакка алынбаганын ырастай алабыз.

Резолюциянын бир бөлүгү Түркмөнстанда жашаган орустарга жана орус тилдүү калкка багышталып, өлкөдө “Маяк” үналгысынын орус тилиндеги берүүлөрү уктурулбай калганына, орус тилдүү элдин укуктары тебеленип жатканына кабатырлык билдирилген. Бирок резолюция БУУда добушка коюлганда ага Орусия өкүлү бейтарап позициясын билдирди. Ал эми мындан мурдагы биринчи резолюцияга Орусия өкүлү колдоп добуш берген эле.

Резолюциянын долбоору Европа Кеңеши тарабынан иштелип, аны АКШ баштаган бир катар өлкөлөр колдоду. Аны БУУга мүчө 65 өлкө жактырса, 49 өлкө резолюцияны кабыл алууга каршы чыгышкан. Алардын арасында Иран, Кытай, Бирма, Пакистан, Түндүк Корея, Куба, Беларус жана Өзбекстан сыяктуу өлкөлөр бар.