Вильнюс шаарында бүгүн Балтик жээгиндеги үч мурдагы советтик жумурият - Латвия, Литва жана Эстония президенттеринин жыйыны болуп өттү. Үч президент өз ара кызматташуу жана Европа Биримдиги менен НАТО уюмунун алкагындагы маселелерди биргелешип чечүү маселелерин карады жана Украина элинин талаптарын колдогонун билдирди.