Вена шаарында бүгүн кечинде Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин эки күндүк жыйыны аяктайт. Анда Ирандын өзөктүк программаларынан чыккан маселе талкууланды. Тегеран өзүнүн өзөктүк изилдөөлөрү тууралуу отчет тапшырган жана уран байытуу иштерин убактылуу токтоткон. Бирок аскерий эмес максаттагы программаларды улантууга укуктуу экенин билдирген, бирок жыйын жүрүшүндө өз турумун бир кыйла жумшартты. Жыйында Түштүк Кореяда мындан бир нече жыл мурда өткөрүлгөн өзөктүк изилдөөлөр тууралуу да сөз болду, ал иштер үчүн Сеул кечирим сураган жана программалар жабылган.