Орусиянын Мамлекеттик думасы өлкөдө пиво ичүүнү чектөөгө багытталган мыйзамдын оңдолгон долбоорун бүгүн өткөрдү. Биринчи мыйзамды Дума ноябрдын башында кабыл алган, бирок өйдөкү палата - Федерация кеңеши аны бекитпей койгон. Мыйзам боюнча пивону көчөдө, стадиондордо же маданий кеңселерде сатып же ичүүгө тыюу салынат.