Нарын АЙЫП, Прага Вена шаарында жайгашкан Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин баш кеңсесинде 25-ноябрда Ирандын өзөктүк программалары менен байланышкан маселени караган эки күндүк жыйын башталды. Америкалык жетекчиликтин айтымында, Иран өзөктүк курал чыгарууну көздөөдө, ошондуктан Венадагы жыйында маселени Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинде караш керек деген чечим кабыл алуу зарыл. Бирок башка эксперттердин пикиринде, уюм андайга чейин барбайт.
Өзөктүк кубат боюнча агенттик маселени сентябрда карап, Иран өзүнүн өзөктүк изилдөөлөрү боюнча толук отчет даярдап, аны агенттикке 25-ноябрга чейин тапшырууга тийиш деп чечкен. Тегеран андай отчетту убагында тапшыргандыгы тууралуу кабарланууда. 22-ноябрда болсо Иран уран байытуу иштерин дагы убактылуу токтоткону тууралуу жарыялады жана Венадагы агенттиктин деректири Мухаммед Элбарадеи аны тастыктады.
Анткен менен АКШ өкүлчүлүгү баары бир катуу турумда жана мамлекеттик катчы Колин Пауэлл акыркы күндөрдө Иранга карата жаңы күнөөлөрдү да айтты, Ирандын агенттиктеги өкүлү Хосейн Мусавян болсо 24-ноябрда Иран баары бир өзөктүк изилдөөлөрүн биротоло токтотпойт деп билдирди:
-Уранды байытуу аракеттерин биз ишеним арттыруу максатында жана өз эркибиз менен убактылуу токтоттук, андай кылууга эч милдеттүү себеп болгон эмес жана болбойт.
Бул акыркы маселе агенттиктин сентябрдагы чечиминен кийин чыккан жана Ирандын уран байытуу иштерин токтотуу үчүн үч европалык мамлекет - Алмания, Британия жана Франция - Тегеран менен андан бери бир нече сүйлөшүү жүргүзүп, андай аракеттерди убактылуу токтотууга Иранды араң көндүрдү. Ошондуктан Венадагы жыйында бир топ кызуу талкуу боло тургандай. Маселе татаал экенин агенттиктин басма сөз өкүлү Марк Гвоздецки моюнга алганы менен, мунаса табылаарына ишенет:
-Агенттик үчүн эң маанилүү нерсе - анын жетекчилигинин пикири бир экендигинде. Биз ишенебиз, бул маселе мурда дагы Агенттиктин жетекчилигинде алты жолу каралгандагыдай, бул ирет дагы мунаса табылып, бирдиктүү чечим кабыл алынат жана ал - система иштеп жатканына, кабыл алынган чечим эл аралык коомчулуктун пикирин толук чагылдырганына далил болот.
Лондон шаарындагы Стратегиялык изилдөөлөр институтунун аналитиги Гэри Сэймурдун пикиринде болсо, Иранга каршы эч кандай катуу чечим кабыл алынбайт:
-Андай чечим кабыл алгандын ордуна Агенттик - Иран өзүнүн уран байытуу аракеттерин токтотту деп айтат жана анын жыйынтыгы катары Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин алдында жооп берүү тууралуу чечим кабыл алынбайт.
Жөөт эксперттеринин айтымында болсо Иран өзөктүк куралга 2007-жылы ээ болушу мүмкүн жана Израил өкмөтүнүн коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Гиора Эйланддын пикиринде, үстүбүздөгү айда Иран өзүнүн андай изилдөөлөрүндө артка кайткыс чектен өтөт, бирок белгилүү америкалык саясат таануучу Збигнев Бжезинскийдин айтымында, мындай маалыматтарды өтө сак кабыл алуу керек.
Мындан эки жыл мурда дагы америкалык жана израилдик булактар Ирак кеңири кыруучу куралга ээ деп ишендиргендиктен, ага каршы күч колдонуу керек деген чечим кабыл алынган.
Кээ бир башка эксперттердин пикиринде болсо, эгер Иран өзүнүн өзөктүк изилдөөлөрүн улантса, кошуна Израил ага өз алдынча аскерий сокку урушу да мүмкүн. 1981-жылы Израил учактары кошуна Ирактын аба мейкиндигине кирип, Франция тарабынан Багдадка курулуп берилген "Осирак" аттуу өзөктүк реакторду бомбалап жок кылып салган.