САЛЫК СИСТЕМАСЫНДАГЫ КОРРУПЦИЯНЫН ТАМЫРЫН КАНТИП КЫРКУУГА БОЛОТ?

24-ноябрь күнү Кирешелер боюнча комитеттин салык департаменти «Салык тармагындагы коррупциянын алдын алуу» деген темада «тегерек үстөл» өткөрдү. Ага Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун салык кызматкерлери, ишкерлер жана эларалык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
«Тегерек үстөлдө» айтылган пикирлерге караганда салык тармагында иштеген кызматкерлердин коррупцияга баруусуна биринчиден, салык төлөөчүлөр өздөрү күнөөлүү экен. Анткени алар өз убагында салык төгүшпөйт да, мөөнөтү өтүп, салык суммасы көбөйүп кеткен учурда текшерип келген кызматкер менен жең ичинен сүйлөшүүгө аракет кылышат деп айтылды жыйында.

Экинчиден, салык төлөөчүлөрдүн арасында мыйзамды билбегендер көп. Бул дагы аталган тармакта коррупциянын өрчүшүнө алып келүүдө. Бишкек шаардык салык кызматынын жетекчиси Октябрь Абдыкайымовдун айтымында, эгер салык төлөөчү мыйзамды жакшы билсе, өзүнө да, мамлекетке да жакшы болот эле:

-Салык төлөөчүлөр өздөрүнүн милдеттерин жана укуктарын жакшы билсе, бизге деле жакшы болот. Бир жагынан сиздер салыкты учурунда төлөп, бюджет алдындагы милдетиңиздерди жакшы өтөйсүздөр. Ал эми экинчи жагынан кандайдыр бир салык кызматкеринин сиздерди мыйзамсыз текшерүүсүнө жол бербейт элеңиздер. Буга биз да кызыкдарбыз.

Ушундай эле пикирди каржы министрлигинин алдындагы кирешелер комитетинин салык кызматы боюнча жетекчисинин орун басары Майрамкүл Шеримбекова да билдирди:

-Салык төлөөчүлөр ишин, эсеп-кысабын так жүргүзүп, салык кызматынын адамдары текшерип барганда пара бербеши керек. Бул жерде эки тарап тең туура эмес иштеп жатышат. Ким салыкты так төлөсө, эсеби ордунда болсо ал киши эч качан пара бербейт.

Бүгүнкү күндө салык кызматкерлерин пара алууга, салык төлөөчүлөр менен жең ичинен сүйлөшүп, мамлекетке төлөнүүчү акчаларды жымырып алууга аргасыз кылып жаткан бир себеп - алардын айлык маянасынын аздыгы болуп саналат. Бишкек шаарындагы Ленин райондук салык кызматынын башчысы Нурлан Матыевдин айтымында, бул тармактагы коррупциянын тамырын кыркуу максатында иштелип чыккан программага салык кызматкерлеринин эмгек акысын көтөрүүнү да кошуу керек:

-Салык кызматкерлеринин айлык акысынын төмөндүгү аларды пара алууга жана башка мыйзам бузууларга түртүп жаткандай, -дейт Нурлан Матыев,- Ошондуктан биз биринчи кезекте алардын маянасын жогорулатышыбыз керек, ошондой эле аларга кошумча жеңилдиктерди берүүнү жана башка колдоо системаларын иштеп чыгышыбыз зарыл.

"Тегерек үстөлгө" катышып отурушкан ишкерлер салык тармагынын иши тууралуу өз пикирлерин айтышты. «Данарт» ишканасынын эсепчиси Ольга Дмитриенконун пикири:

- Биз салыкты өз убагында төлөп келебиз. Бирок салык кызматы же бюджет биз кошулган нарк салыгына ашыкча төлөгөн сумманы качан кайтарып берет? Эгерде ишкана айыл чарба азыктарын экспорт кылса, ошол эле ишкана чет өлкөдөн товар алган учурда эсепке алынууга тийиш. Иш жүзүндө белгилүү болгондой, бюджет ал сумманы кайтарбайт. Ушуга байланыштуу ишкерлерде бир топ кыйынчылыктар бар. Эгер ишкер миллион сом айландыра турган болсо, анын 200 миңин кошулган нарк салыгы үчүн бюджетке берет. Бирок экспорт-импорт мезгилиндеги тиешелүү айырмасын албайт. Мына ушундай шартта кантип иштөөгө болсун?

Үстүбүздөгү жылдын он айынын ичинде салык кызматкерлери тарабынан 700 млн. сомдун айланасындагы акча туура эмес саналган. Кирешелер боюнча комитеттин салык кызматынын жетекчисинин орунбасары Майрамкүл Шеримбекованын айтымында бул азырынча так маалымат эмес:

-Салык кызматкерлерин текшерип чыгып, он айдын ичинде 700 миллиондой сомду туура эмес эсептегендерин чыгардык. Азыр бул маселе аягына чейин такталып жатат. Аны биз көзөмөлдөп турабыз.

«Тегерек үстөлдү» уюштуруучулардын айтуусунда салык тармагындагы коррупциянын тамырын кыркуу үчүн мындай жолугушууларды бат-бат өткөрүп туруу керек. Бирок кептин баары - коррупцияны жок кылууга мындай жолугушуулардын пайдасы канчалык деңгээлде тийет - мына ушунда.