Казакстандын Мажилисинин экс-спикери оппозицияга кошулганын жарыялады

Казак парламентинин төмөнкү палатасы – Мажилистин экс-спикери Жармахан Туякбай оппозицияга кошулганын жар салды. Алматыда өткөн маалымат жыйынында Туякбай Казакстандын демократиялык күчтөр блогуна кошулганын билдирди, бирикмеге "Ак жол", Казакстандын демократиялык тандоо жана коммунисттер партиялары кирет. Экс-спикер мындай чечимге азыркы казак бийлигинин саясатына макул эместигинен улам келгенин белгиледи.

Жармахан Туякбай сентябрдагы парламенттик шайлоо добуштарды одоно бурмалоо менен өткөнүн билдирип, президент Н.Назарбаевдин "Отан" партиясынан чыкканын жарыялаган болчу.