Япон-кыргыз достугунун фестивалы

БИШКЕК. Бишкектеги адам өнүгүүсү боюнча кыргыз-япон борборунда “Алтын күз” фестивалы болуп өттү. Борбордон алынган маалыматка караганда, эки элдин маданиятын чагылдырган 1-фестивалды Кыргызстандагы Япониянын элчиси Сюсюке Ватанабэ ачып, кыргыз-япон элинин маданий-достук байланышын өнүктүрүү багытында ар тараптуу иш чаралар өткөрүлөөрүн белгиледи. Япониянын эл аралык кызматташтыгынын волонтерлору уюуштурган фестивалда япон элинин каада салты, музыкасы, жазма маданияты көргөзүлдү.