Жыйында соода байланыштарын либералдаштыруу, террорчулукка каршы биргелешип күрөшүү маселелери талкууланууда. Ошол эле маалда ага катышып жаткан АКШ президенти Жорж Буш эл аралык коомчулукту Түндүк Кореяга өзөктүк программасына байланыштуу биргелешип кысым көрсөтүүгө үндөгөнү кабарланды. Буш Пхеньян "дүйнө коомчулугу жалпы талап кылганда гана" кооптуу программасын токтотот деп белгиледи. Жума күнү жыйынга мамлекет башчылар чогулуп жаткан чакта Сантьягодо 25000дей адам катышкан ири демонстрация болуп, алар кедейлерге камкору аз бай кишилер чогулган жыйынга, Ирактагы согушка байланыштуу нааразылык билдиришти. Полиция менен кагылышуулар болуп, 130дай адам камакка алынганы кабарланууда. Саммитке катышып жаткан АКШ менен Орусиянын президенттери Буш жана Путин өзүнчө жолугушуп, андан тышкары алар Кытайдын премьери Ху Цзинтао жана жапон премьери Дзюнитиро Коидзуми менен өз-өзүнчө сүйлөшүү өткөрүшөт.