ОСМОНААЛЫ ЭМНЕ СЕБЕПТЕН СЫДЫКОВ БОЛУП КАЛГАН?

Анын атасынын анык ысымы Кыдык. Санжырачынын өмүр баянында, Кыдык ысмы кийин өзүнөн өзү Сыдык болуп өзгөрүп кеткен деп айтылат. Бирок Осмонаалынын атасынын ысмы жөндөн-жөн туруп эле Сыдык болуп бурулуп айтылышында шек санай турган мандем бар.
Осмонаалы эски Пишпек уездинин Темир Болот айлында, же азыркы Кочкор районунда сарыбагыш уруусунун абайылда уругунан чыккан Кыдыктын баласы болгон. Анын атасынын анык ысмы Кыдык. Санжырачынын өмүр баянында, Кыдык ысмы кийин өзүнөн өзү Сыдык болуп өзгөрүп кеткен деп айтылат. Бирок Осмонаалынын атасынын ысмы жөндөн-жөн туруп эле Сыдык болуп бурулуп айтылышында шек санай турган мандем бар. Анын «Муктасар тарыхи Кыргызия» жана «Тарих кыргыз Шадмания» эмгектеринде Кыдык жана Сыдык ысымдары бирдей колдонулат. Кыязы, Кыдыктын Сыдык болуп айтылып калышына Уфадагы бир тууган Каримовдордун басмакана кызматчылары, балким, азыркы биздин түшүнүктө санжырачынын китептерин текшерген редакторлордун салымы бар шекилди. Уфадагы «Шарк» басмаканасы Орто Азиядагы мусулман калктарына ислам динин жана анын өрнөктөрүн таратууга багыт алган жана ал милдеттин өтөсүнө жеткен мекеме. Балким, бул окуянын чоо-жайы мындайча болгон окшойт. Осмонаалы басмаканага китептин кол жазмасын алып келип, аны менен адистер таанышып чыгышып, чыгарма автордун аты-жөнүн жазуу маселелсине токтолушкан. Кыргыз элинин тарыхын жазган, болгондо да ислам билимине каныгып, ал түгүл медресеге сабак бере турган «шахадат неме» күбөлүгү бар адамдын атасынын ысымына «редакторлордун» ичтери чыккан эмес окшойт. Татар «редакторлору» үчүн Кыдык сөзүнүн такыр эле мааниси жок болгондуктан жана бу ысымдын баш тамгаларын алмаштырып койгондо ислам дини үчүн ыйык Сыдык аты келип чыккандыктан, алар Осмоналынын эки китебине тең Сыдыков фамилиясын ыйгарууну туура көргөн шекилди. Орто Азия калктары анын ичинде Кыргызстан үчүн ислам баалуулуктарын жайылтуу милдети жүктөлгөн «Шарк» басмаканасына – бир «кыргызды» мусулман дүйнөсүндө айрыкча ызаатталган «ыймандуу» төрт халифтин биринчиси Абу Бакр ас-Сиддиктин ысмына көчүрүү ошол озуйпага туура келгендей көрүнөт.

Жогоруда белгиленгендей, Кыдык ысмы өзүнөн өзү эле Сыдык болуп өзгөрүп кеткен имиш. Бирок мындай жоромолго ишениш кыйын. Биринчиден, Кыдыктын Сыдык ысымына өзгөрүшү үчүн мезгилдик жана чөйрө таасири болуш керек. Ал эми Кыдыктын баласы Осмонаалы жети жашка чыга элегинде өлүп калышын эске алсак, анда ал факторлордун жок экендигин байкайбыз. Экинчиден, санжырачы деле өз атасынын ысмы толук танган эмес. «Муктасар тарыхи Кыргызия» жана «Тарых кыргыз Шадмания» китептеринде: «атабыз Кыдык маркумдан», «Субан энебизден – Кыдык маркум жалгыз» деп ал атасынын нукура ысмын жазат.

Мындан улан, Кыдыктын Сыдык болуп өзгөрүшүнө Уфадагы «Шарк» басмаканасынын салымы болгон деп айтууга толук негиз бар. Санжырачынын эки эмгегинин башталыш барактарында Осмонаалынын фамилиясы «Сыдыков» жана «өз атам Абайылдадан Сыдык маркум» деп жазылып, чыгарманын бир канча барагынан кийин жана калган беттеринде «атабыз Кыдык маркум» деп, балким, Осмонаалынын кол жазмасынын түп нускасындагы ысым берилет. Бу демек, «Шарк» басмаканасынын «редакторлору» чыгарманын мукабасы менен башталыш гана барактарына түзөтүү киргизишип, Кыдык ысмын Сыдык кылып өзгөртүшкөн. эки эмгектин калган барактарындагы Кыдык ысымынын сакталып калышына караганда, аларды оңдоого «редакторлррдун» «колу» жеткен эмес.