Ош шаарындагы “Ойгон Кыргызстан” жаштар кыймылы парламентке жолдошту

ОШ. Кайрылуу негизинен электр тармагын менчиктештирүү боюнча өкмөт тарабынан сунушталган мыйзамга каршы чыккан Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын 18 депутатынын атына багытталган. «Биз «Ойгон Кыргызстан» жаштары кыймылынын алдына бириккен Ош шаарындагы көпчүлүк жогорку окуу жайларынын студенттери учурдагы электр тармагынын абалы жана аны менчиктештирүүгө карата өкмөттүн жасап жаткан аракеттеринин негизги максаты боюнча Эл депутаттары Адахан Мадумаровдун жана Исмаил Исаковдун Ошко келип студент жаштары үчүн кеңири түшндүрмө берип кетүүсүн суранабыз. Себеби биз учурда мамлекеттик жана башка маалымат каражаттары аркылуу бул багытта толук эмес жана бурмаланган маалыматтарды алып жатабыз. Ошондуктан сиздердин кыргыз электр тармагынын азыркы абалына байланышкан ойлоруңуздарды өз оозуңуздардан уккубуз келет жана анын келечектеги тагдыры бизди кайдыгер калтырбайт» деп айтылат кайрылууда. Кайрылууга жалпысынан 132 адам кол койгон.