Индия өкмөтү Кашмир уюмдарына сүйлөшүү жүргүзүүнү сунуштады

Индиянын түндүгүндөгү Кашмир провинциясынын борбору Сринагар шаарында бүгүн жергиликтүү мусулман уюмдарынын жыйыны башталды. Кашмирдин Индиядан бөлүнүшү үчүн аракеттенген уюмдар Дели менен кантип сүйлөшүү жүргүзүү маселесин талкуулоого киришти. Индиянын жаңы премьер-министри Манмохан Сингх 17-ноябрда аларга кайрылып, алдын ала эч шарт койбостон сүйлөшүү жүргүзүүүнү сунуштаган. 1947-жылы британиялык оторчулуктан бошогондо, Индия эки мамлекетке - Индия жана Пакистанга бөлүнгөн, мусулмандар жашаган Кашмир болсо Индияга кошулган жана кийин анда элдик референдум өткөрүлөт деп жарыяланган, бирок Индия андай референдум өткөргөн эмес.