Баалуу кагаздар боюнча мамлекеттик комиссиясынын жаңы жетекчиси дайындалды

БИШКЕК. Премьер-министр Николай Танаевдин буйругу менен өлкөнүн баалуу кагаздар боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Уран Абдынасыров ээлеген кызматынан бошотулду. Анын ордуна Азамат Диканбаев дайындалды. Буга чейин ал президенттин администрациясынын экономика саясаты боюнча бөлүм башчысынын орун басары болуп иштеген. Уран Абдынасыровдун үстүнөн буга чейин «Рентонгрупп» кампаниясынын ишине байланыштуу ички иштер министрлиги тарабынан кылмыш иши козголгон. Ал эми «Рентонгрупп» кампаниясына алданган айрым аманатчылардын пикиринде, Уран Абдынасыров негизсиз сот жообуна тартылган.