Жашы жете электигине байланыштуу соттолгондун аты-жөнү ачыкка чыгарылган жок. 16 жаштагы испан атуулу 11-мартта поезддерди жардырууда колдонулган динамитти уурдап, ташууга жардам бергендигин мойнуна алды. Ал сот залында Испаниянын түндүгүнөн Мадриддеги мороккалык террористтерге жардыргыч затты ташып бергени үчүн 1 миң евро алгандыгын билдирген.
Дагы 20 чакты киши, көпчүлүгү Морокконун атуулдары учурда сот ишин күтүп, абакта отурат. Бул жардырууларда 191 киши набыт болгон эле.
Дагы 20 чакты киши, көпчүлүгү Морокконун атуулдары учурда сот ишин күтүп, абакта отурат. Бул жардырууларда 191 киши набыт болгон эле.