Ирак өкмөтү Фалужадагы калктын суусуз жана азыксыз калгандыгын төгүнгө чыгарды

БАГДАД. Ирактын өкмөтү Фалужада калк суусуз жана азыксыз калганыдыгы жөнүндөгү маалыматарды четке какты. Өкмөт башчы Ияд Аллавинин кеңсесинин айтымында, саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү шаар четиндеги госпиталда болуп, анда суу да, азык-түлүк да жетиштүү экенин өз көзү менен көрүп кайтышкан. Бирок шаар тургундары менен шаарда иштеп жаткан журналисттер калаада калган жүздөгөн үй бүлөлөрдүн гуманитардык ахвалы өтө кыйын экенин билдиришүүдө. Шаарга келген гумжардамды АКШнын аскерлери киргизбей кайра кайтарып жиберишкен.