ЕВРОБИРИМДИК ИРАН МЕНЕН ЖЕТИШИЛГЕН МАКУЛДАШУУНУ ИЙГИЛИК КАТАРЫ БААЛАДЫ

Евробиримдиктин үч өлкөсү: Британия, Германия, Франция Иран менен анын өзөктүк программасы жаатында жетишилген макулдашууну ийгилик катары баалады. Дипломаттардын айтымында, Иранды уранды байытуу программасын токтотууга милдеттендирген бул макулдашуу - узак убакытка эсептелген келечек келишимдин башталышы. Анткен менен бул баштапкы макулдашуу эле Тегеран үчүн анын өзөктүк программасына байланыштан кризистен, АКШ көптөн бери көздөп жүргөндөй маселенин БУУнун Коопсуздук кеңешине берилишинен качууга жетиштүү болчудай.
Дүйшөмбүдө Евробиримдиктин расмий өкүлдөрү Иран менен анын өзөктүк программасына байланышкан сүйлөшүүлөрдө бурулуш болгонун ырасташты. Ушул эле күнү Ирандын бул тармакты тейлеген жогорку өкүлү Хассан Роухани да Тегеран 22 – ноябрдан тартып уранды байытуу иштерин кеминде үч айга убактысынча токтоторун, бул тууралуу Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик- МАГАТЭ уюмун кабардар кылганын жарыялады. Иран эми уранды байытууну убактысынча токтоткону МАГАТЭ тарабынан анын Директорлор кеңешинин 25- ноябрга белгиленген жыйынына чейин ырасталышын көздөөдө.

МАГАТЭнин ырастоосу Тегерандын өзөктүк программасы тынчтык максатты гана көздөөрү жөнүндөгү аргументтерине колдоо болот. Ошондой эле бул АКШнын МАГАТЭге мүчө өлкөлөрдү жетиштүү кызматташпаганы үчүн Ирандын маселесин БУУнун Коопсуздук кеңешине өткөрүүгө ынандыруу аракеттерине тоскоолдук кылчыдай. Вашингтон Тегеранды өзөктүк курал программасын жашыруун түрдө өнүктүрүп жатканы үчүн көптөн бери айыптап келүүдө. Маселе Коопсуздук кеңешине берилген учурда, күн тартибине Иранга каршы санкция кабыл алынуу мүмкүнчүлүгү чыгат.

Евробиримдиктин аткаруучу органы –Еврокомиссия да Иранды уранды байытууну убактысына токтотушун кубаттоодо. Комссиянын өкүлү Эмма Удвин жетишилген мунасаны "бурулуш" деп атады:

- Биз баарыбыз чынында эле бурулуш болгонуна, макулдашуу туура багытта жетишилгенине канааттанып жатканыбыз анык. Биз МАГАТЭнин ушул сүйлөшүүлөрдүн да жыйынтыгын камтуучу отчетун окууну чыдамсыздык менен күтүүдөбүз.

Атын атабоону өтүнгөн европалык дипломаттын "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун Брюсселдеги кабарчысына билдиргенине караганда, баштапкы макулдашуу эки нерсени камтыйт. Биринчиден Иран уранды байытуу программаларынын баарын токтотууга макул болгон. Ал эмиГермания, Франция, Британия өз тарабынан Ирандын маселесин БУУнун Коопсуздук кеңешине сунуштабоого милдеттеме алган.

МАГАТЭ уюму Иран баштапкы макулдашууну сактап жатканын ырастагандан кийин Евробиримдик аны менен учурда токтотулуп турган соода сүйлөшүүлөрүн баштамакчы. Еврокомиссиянын өкүлү Эмма Удвин белгилегендей, бул тууралуу уюмга кирген өлкөлөр ушул айдын башында Брюсселдеги саммитте жактырган декларацияда да камтылган:

- Эгер ийгиликтүү жыйынтык чыкса, токтотулгандыгы ырасталса бул жерде соода жана кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөр кайра жанданары жөнүндө макулдашуу болот.

МАГАТЭнин Директорлор кеңешини 25-ноябрдагы жыйынында Ирандын өзөктүк программасын талкуулап, өзүнүн соңку отчетун жарыяламакчы. Мунун аралыгында, дүйшөмбүдө кабар агенттикттери азыр даярдалып жаткан отчетко шилтеме берип, МАГАТЭ Иран өзөктүк материалдарын жарыялаганы менен бул багытта жашыруун аракеттери бар экенин жокко чыгара албаары жөнүндө маалымат таратышты. Ал эми МАГАТЭнин өкүлү Марк Гвоздески дүйшөмбүдө
"Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна берген интервьюсунда буларды белгиледи:

- Иран дээрлик жыйырма жыл бою өзүнүн өзөктүк программасын МАГАТЭден жашырып келди. Азыр биз бул ири башкатырманын чоо-жайын бир жерге чогултууга аракеттенип жатабыз. Азыркы отчет буга чейинкилердин эң көлөмдүүсү. Азырынча биз Ирандын бийликтери кандайдыр бир өзөктүк материлдарды жашырган жок деп ырастай албайбыз. Бизге акыркы жыйынтыкты чыгаруу үчүн убакыт керек.

Ал эми АКШнын кызматынан кетип жаткан Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Евробиримдиктин үч өлкөсү Иран менен түзгөн макулдашууну "кичине эле жылыш" деп баалады. Шейшембиде Ирандын парламентиндеги талкууда болсо катаал турумду карманган депутаттар бул макулдашууну кескин сынга алышты. Алардын айрымдары муну "улуттук кызыкчылыкка каршы келген иш", "чыккынчылык" катары мүнөздөштү.