Кызыл чырымдын кербени Фаллужага өткөрүлгөн жок

Америкалык аскерлер Ирактын кызыл чырым коомуна Фаллужанын ортолугунда кооптуу деп, ал жакка өтүүгө уруксат бербей койгондуктан, алар шаар четиндеги ооруканадан чыгып кетишти. “Ошондон улам, азык түлүк жана медициналык жардам Фаллужанын атрабындагы кыштактардын элине берилет”, - деп билдирди Кызыл чырымдын өкүлү Фердус Ибади айым.
Өткөн дүйшөмбү күнү Фаллужага каршы чабуул башталгандан бери шаар калкына сырттан эч кандай жардам бериле элек.
Соопкерчилик уюмдары шаар калкы өтө оор абалда дешүүдө. Буга АКШ аскерий жетекчилиги менен Ирак бийликтери макул эмес.