Азиза Турдуева, Бишкек Кытайдагы кыргыздардын алгачкы көркөм өнөр топтору Шинжаң аймагында Кызылсуу кыргыз автономиялуу облусу курулгандан кийин түзүлө баштаган. Алгач бул топторго кыргыздардын арасындагы ырга, бийге шыктуу жаштары, улуттук аспаптарда ойногон улан-кыздар айыл-кыштардан чогултулуп алынган.
Бул тууралуу "Жүнгө" Шинжаң Кызылсуу ыр-бий ансамблинин жетекиси, белгилүү копмпозитор Ыбрай Турганалы мындай дейт:
-Биз алгач көркөм өнөр топторго таланттуу улан-кыздарды айыл-кыштактарга барып, издеп таап келчүбүз. Эми болсо атайын музыка, көркөм өнөр окуу жайларын бүтүргөн адистерди ала баштадык. Азыр эми бизде композиторлор да, ырчы, комузчулар, бийчилер да жетиштүү.
Бул ансамблдин репертуарында бий башкы орундардын бирин ээлейт. Шинжаң кыргыздарынын белгиүү бийчи кызы Таалайгүл Бейшеналы бийге кичинекей кезинен эле кызыккандыгы тууралуу айтты:
-Мен 26 жылдан бери бийлейм. Кичине кезимден эле бийге кызыгаар элем. Мен эң сулуу, эң татынакай кыздар бийлишет, бий аркылуу көрүүчүлөргө сөзүн түшүндүрөт деп ойлойт элем. Мен Бейжинде, Үрүмчүдө болгон бий кароо-сынактарына көп ирет катышып, сыйлыктарга ээ болдум, азыр бир нече окуучуларыма устат болуп, бий өнөрүн үйрөтүп жатам.
Учурда Иле аймагында жашаган кыргыздардын, Кызылсуудагы Акчий, Улуучат, Актоо райондорунда кыргыз көркөм өнөр топтору бар. Соңку жылдары аларда бир топ ийгиликтер бар.
Кытайдагы ыр-бий ансамблдери көптөгөн чет өлкөлөрдө өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулап келишет. Бул жөнүндө кызылсуу ыр бий ансамблинин жетекчиси Ыбрай Труганалы мындай деди:
-Биздин ыр-бий ансамбли Кытайдын эң жогору сыйлыгына, Шинжаң аймагынын сыйлыктарына ээ болду. Өлкөдө биздин көркөм топ эң белгилүү ансамблдеринин бири болуп эсептелет. Биз көптөгөн өлкөлөргө концерттерди койобуз. Мисалга алсак, биздин артисттерибиз Голландия, Германия, Болгария, Япония, Пакистан жана башка өлкөлөргө барып, өз өнөрүн тартуулап келген.