Ооганстанда тыюу салынган телеканал кайра ачылат

Ооган президенти өкмөт тарабынан тыюу салынган телеканалды кайра ачууга буйрук берди. Ушул апта башында ал кабелдик телеканал ислам динине коошпогон берүүлөрдү көрсөткөнү үчүн айыпталып, өкмөттүн чечими менен жабылып калган.

Ооганстандын маалымат министри Саед Махдум Рахен президент Карзайдын жардыгын жарыялап жатып, телеканал мусулмандардын диний сезимдерин басмырлап-мазактабаган берүүлөрүн тарата алат деп кошумчалай кетти.