АЙЫЛ ЧАРБАНЫН АБАЛЫ КАНДАЙ?

12-ноябрь - айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Буга карата бүгүн Бишкекте премьер-министр катышкан чоң жыйын болуп, аталган тармактын жүздөн ашуун кызматкерлери белектер менен сыйланышты. Быйыл өткөн жылга караганда түшүм жакшы болгон. Бирок жетишпестиктер да жок эмес.
Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Александр Костюктун айтымында быйылкы жылдын жыйынтыгы жакшы болду:

-Быйылкы жыл жаман жыл болгон жок. Биз негизинен жергиликтүү органдар менен дыйкандардын ассоциацияларынын болжогон индикативдик көрсөткүчтөрүнүн көпчүлүгүн аткарганга жетиштик. Быйылкы жылы дан өсүмдүктөрүнөн алынган түшүм өткөн жылдагыдан 100 миң тоннага, пахта 10 миң тонна ашыкча жыйналды..

Бирок биз сөзгө тарткан дыйкандар мындай түшүмдү алуу үчүн талыкпай мээнет гана кылбастан, көптөгөн чыгымдарга да учурап жатышкандыгын айтышты. Ноокат районундагы «Бермет» фермердик чарбасынын жетекчиси Бактыгүл Калдарованын айтуусунда аймактагы суунун тартыштыгынан улам кыйынчылык келип чыгууда:

-1998-жылы таланып-тонолуп кеткен короо-жайлардын бирин аукциондук жол менен сатып алдым эле. 2000-жылдан баштап мал чарбасын уюштурдум. Уй, кой, эчки жана тоок багып жатабыз. Биздин короо кайрак жерде жайгашкан, суу маселеси кыйын болуп жатат. Мал чарбасында бул өтө кыйын экен. Сууну Оштогу Ак-Буура дарыясынан алдырып кетемин. Ал жетпейт, өзгөчө жайкысын күн ысык кезде малдарга кыйын болуп атат.

Кыргызстанда өткөн жылкыга салыштырмалуу пахтанын түшүмү көп жыйналганы менен, баасы арзан болуп жаткандыгы дыйкандардын кедергисин кесүүдө. Бул тууралуу Ноокен районунун «Найман» үрөнчүлүк чарбасынын жетекчиси Абдалим Бекешовду угалы:

-Кудайга шүгүр, быйыл түшүм жакшы болду. Бирок азыр өндүрүлгөн түшүмдү сатуу маселеси кыйын болуп атат. Пахтанын баасы өтө төмөндөп, кардарлар аябай арзан баага сурап жатышат.

Жер кыртышынын минерал заттары азайып, жакырланып баратканы олуттуу маселелерге такоодо. Алсак, учурда 100 миң гектарга жакын жер айдоодон чыгып калды. Буга себеп - сугат тармактарынын бузулушу, кыртыштын отоо чөптөр жана өсүмдүк оорусун козгогучтар менен булганып жаткандыгы. Мунун баары түшүмдүүлүктүн азайышына алып келет.

Кыргызстанда минералдык жкр семирткичтерди жана зыянкечтерге каршы берилүүчү химикаттарды чыгаруучу ишкана жок. Бирок мамлекет химикаттарды башка жактардан алып келип, арзан баада сатуу жагын караштырса жакшы болмок деген пикирлер айтылды.

-Буудай, арпа жакшы эле болду, -дейт Жумгал районунун Байзак айылындагы айыл чарба кооперативинин башчысы Асанбек Жусупов, -бирок жер арыктап калган да. Өкмөт жер семирткичтерди, зыянкечтерге каршы химикаттарды жеткирүү жагын каралашып берсе жакшы болот эле. Эл акчасын деле төлөп бермек. Ушул жагынан кем-карч болуп жатат.

Ал эми Ысыккөл облустук мамлекеттик администрациясынын айыл чарба бөлүмүнүн башчысы Сабыр Эгембердиевдин айитымында мамлекет тарабынан айыл чарба кызматкерлерине колдоо жакшы болуп жатат:

-Дыйкандарды, жер иштетүүчүлөрдү мамлекет тарабынан колдоо маселесине биз дагы деле көңүл буруп жатабыз. Мына быйылкы жылы жазында облустун губернатору Токон Шайлиева он миллион сомго 11 сом 20 тыйындан солярка сатып алып, күзгү түшүмдүн эсебинен таркатып берди эле, азыр аны кайрып берүүнүн үстүндө иштеп атабыз. Мындан тышкары 1000 тонна азык буудай өкмөт тарабынан үстөгү жок таркатылып берилди. Колдон келишинче жардам берилип, колдоо көрсөтүлүп жатат.

Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата бүгүн Бишкекте чоң жыйын болуп, анда өкмөт башчысы Николай Танаев алдыңкы кызматкерлерге мамлекеттик жана президенттик сыйлыктарды тапшырды. Ошондой эле жүздөн ашуун кишиге айыл, суу чарбасынын жана кайра иштетүү өнөр жай тармагынын отличниги деген сыйлыктар, министрликтин ардак грамоталары берилди.