Франциялык киночулар Беларустан кууп чыгарылды

Беларустун Тышкы иштер министрлиги кечээ күнү тараткан маалыматка караганда, өлкөдөн Франциянын биринчи сыналгы каналынын журналисттери кууп чыгарылды. Алар Минскиге келип, "Зубр" деп аталган оппозициялык студенттер тобу жөнүндө даректүү тасма тарта баштаган. Өлкөгө келип кино тартууга сыналгычыларга уруксат берилген, бирок алар 17-октябрда өткөрүлгөн референдумда президент Александр Лукашенка утулду деп студенттер айтканын тартып алгандан кийин, аларга каршы чара көрүлдү.

Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Прагадан Нарын Айып даярдады.