Израил премьери аймакта абал өзгөрөт деген үмүттө

А.Шарондун пикиринче, Арафаттын өлүмү регионго чоң өзгөрүүлөрдү алып келиши ыктымал:

-Акыркы окуялар Жакынкы Чыгыш үчүн тарыхый бурулуш учур болчудай. Израил тынчтыкка умтулган өлкө катары палестиналыктар менен саясый мунасага жетүү аракетин уланта берет.

Арафаттын жардамчыларынын бири Ясир Абед Раббонун билдиришинче:

- Палестин эли өз жолбашчысы Ясир Арафатты жоготту. Алар Арафатты Палестин улуттук кыймылынын негиздөөчүсү, өмүрүн өз журтунун эркиндиги жана күнкорсуздугу үчүн курмандыкка чалган доордун улуу инсаны катары сыйлап-урматташат, - деди.

АКШ президенти Жорж Буш төрага Арафаттын каза болушуна байланыштуу жасаган билдирүүсүндө келечекте Жакынкы Чыгышта тынчтык орноп, Палестин калкы күнкорсуз жана демократиялуу мамлекет куруу тилегине жетет деген ишеничин айтты.