Сыртынан баам таштаган адамга маалымдоо каражаттары козгобогон тема, көтөрбөгөн проблема калбагандай туюлат. Бирок да базар шартында жашап аткан маалымдоо каражаттары чөнтөгү калың байдан үмүт кылып, болбосо өкмөттүн көзүн карап күн кечирүүдө. Анын үстүнө ушу тапта жалаң саясий теманы гана айланчыктоо, көркөм өнөрдүн таанымал инсандарынын баскан-турганын жазып отуруп алуу тенденциясы үстөмдүк кылууда. Мындайда угарман менен окурмандын табити журналисттик баамдын сыртында калат.
Президент А.Акаев маалымдоо каражаттарын өлкөдө болуп аткан жакшы иштерди, мамлекет кызыкчылыгынан чыккан өтөлгөлүү демилгелерди жапырт колдоого чакырып келет:
- Биз азыр бала элебиз. Биздин демократия баралына келе элек. Демократиялык коом да жаш. Анан да эркиндик менен жоопкерчиликтин ортосундагы терең ажырым азыркыдай шартта өтө коркунучтуу. Анын айынан көтөрүлүп келаткан коом жайралып калышы ыктымал. Ошондуктан биз жоопкерчиликке, мекенчил атуулдукка чакырып келебиз. Бийликтегилердин кемчилигин сындашсын, бирок да коомдо болуп аткан жакшы нерселерди да көз жаздымдан чыгарбасын дейбиз.
Мамлекет башчынын мындай сылык-сыпаа эскертүүсү көбүнесе эркин маалымдоо каражаттарына карата айтылганын баамдоо кыйын деле эмес. Өкмөттүк басылмалар бийликтегилерди сындоо машакатынан өздөрү эле баш тартышкан.
Адатта парламенттик, президенттик шайлоо жакындаганда өкмөттүк жана эркин маалымдоо каражаттарынын кайым айтышы күчөп кетчү эле. Бул ирет анын чындыгын аягы үзүлбөй келаткан өкмөттүк «Слово Кыргызстана» гезити менен «МСН» басылмасынын жаакташуусу ырастоодо.
«Жетимен» журналынын башкы редактору Аскер Сакыбаева учурда маалымдоо каражаттары көбүнесе саясий темага ооп, шайлоо божомолунан ары жылбай койду, дейт. Мындай абал президенттик шайлоого чейин созулмакчы:
- Ушундай абалдын болушу жөнөкөй адамды, жөнеле кабар, маалымат алгысы келген адамды бир чети иренжитет экен. Шайлоо жарышы массалык маалымдоо каражаттары үчүн бир жарым ай мурда эле башталган. Акыркы аралыкта жакшы материалдарды таап окуш кыйын болот. Азыркы маалымат каражаттары сапаты жагынан көтөрүлбөй эле улам акчага азгырылып, артка кетип атканын байкоого болот.
«Учкун» гезитинин кабарчысы Калил Жамгырчиев шайлоо шарданы күчөгөн сайын жаңы басылмалардын саны арбыйт, бирок алардын маалымат мейкининен орун таап кетиши кыйын деген пикирде:
- Жакындагы шайлоону утурлап кыргыз гезиттеринин саны кыйла арбыды. Бирок алардын келечегине деле чоң үмүт артыш кыйын.
«Замандаш» журналынын башкы редактору Абдыкерим Муратовдун ырасташынча, ушу тапта универсал журналисттер көбөйүп кетти. Атайын кесиптик камылганы талап кылган тармактар журналисттик баамдын сыртында калууда. Дегинкиси, азыркы кыргыз журналистикасына аналитика жетишпейт:
- Ушу азыр жаш журналисттерди тарбиялоо жаатында да биртоп өксүктөр орун алууда. Журналистика факультетин бүткөн жаш журналисттер жалаң гуманитардык багыттагы гана ой жүгүртүү менен чектелип калышат. Айталы, алар укуктук, экономикалык, тышкы саясат боюнча ой жүргүзгөндө өздөрүнүн өксүктөрүн билдирип коюшат. Көбүнче эле артисттердин тагдырын, турмушун, майда уруш-талаштарды, саясатчылардын эмне болуп жатканын жазып, майда-чүйдө нерселер менен алаксып, окурмандардын табитин да бузуп атышат.